Бейшемби күнү күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарында жамгыр, кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -3…+2, Талас менен Ысык-Көл өрөөнүндө 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3…+8, Нарын аймагында -4…+1 градус болот.
Бул күнү Бишкек менен Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада -1…+1, Ош калаасында +4…+6 градусту көрсөтөт.