Коом

Кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чатак чыкты

Бүгүн, 3-декабрда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда чатак чыкты. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
«Сомониен (Тажикстан) айылы аркылуу Дахма айылына Кыргызстандын жараны өтүп бара жаткан учурда Тажикстан жарандары ага орой сөздөрдү айткан. Жыйынтыгында алар уруша кетип, бири-бирине таш ыргытышкан», — деп айтылат маалыматта.
Окуянын себептерин тактоо үчүн учурда Баткен жана Исфара тилкелеринде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн деңгээлинде жолугушуу өтүп жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button