Коом

Кирүү акысыз. Бишкекте Аялдар киносунун жумалыгы башталды

Бүгүн, 5-декабрда Улуттук тарых музейинде аялдар киносунун жумалыгы башталды. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Кино жумалыгы гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн бир бөлүгү болуп саналат. Иш-чара Кыргызстандын аялдар кинематографиясын жана кино коомчулугун өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган. Акысыз көрсөтүүлөр 8-декабрга чейин күн сайын саат 16:00дөн 18:00гө чейин өткөрүлөт. Киного музейдин чыгыш тарабынан кирүүгө мүмкүн.

Аялдар киносунун жумалыгы – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Европа биримдиги — БУУнун «Көңүл бурчу» демилгеси жана Азиянын чыгармачыл аялдар коомунун кызматташуусу.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button