«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсынын бардык филиалдары 2022-2023-жылы кышка даяр экенин тастыктаган паспортун алышты. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, бул паспорт электр тармактар комплексинин ишенимдүү жана туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык шарттардын аткарылгандыгын тастыктаган документ.

Министрликтен билдиришкендей, аталган паспортту алуу үчүн региондогу электр тармактар ишканалары тарабынан бир топ жумуштар аткарылды. Алардын катарында пландык, капиталдык оңдоолор, көмөк чордондорду жана электр берүүчү чубалгыларды модернизациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Мындан тышкары, электр жабдууларын суу ташкындарынан коргоо боюнча алдын алуу иштери жүргүзүлүп, имараттар жана авто унаалар оңдоодон өткөрүлдү. Кызматкерлер атайын кийимдер жана керектөөчү материалдар менен камсыз болду.

Маалыматка ылайык, электр тармактар ишканаларынын кышка даярдыгын текшерүү комиссия тарабынан жеринде жүргүзүлдү. Комиссиянын курамында КРдин Энергетика министрлигинин, Улуттук энергохолдингдин, Энергетикалык көзөмөл кызматынын жана «КУЭТ» ААКнын өкүлдөрү бар.

Эске салсак, «КУЭТ» ААКтын 8 филиалы бар:

  • Ысык-Көл электр тармактары ишканасы;
  • Нарын электр тармактары ишканасы;
  • Ош электр тармактары ишканасы;
  • Талас электр тармактары ишканасы;
  • Баткен электр тармактары ишканасы;
  • Чүй электр тармактары ишканасы;
  • Бишкек электр тармактар ишканасы;
  • Жалал-Абад электр тармактары ишканасы.