Коом

Кыргызстанда сугаттын бардык түрлөрү аяктады

Кыргызстанда сугаттын бардык түрлөрү аяктады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башчысы Алмазбек Сокеев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, 2022-жылы суу менен дээрлик 3510,7 миң гектар, же 96% аянт сугарылды.

Сокеев кошумчалагандай, ушул жылдын 1-октябрына карата Кыргызстанда 490 суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) катталган, ал эми суу пайдалануучулар ассоциациялары сугаруучу аянт 755 миң 81 гектар, же сугат аянтынын 74 пайызын түздү.

Ошондой эле 2022-жылдын 1-декабрына карата Баткен облусунда дагы бир СПА катталды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button