Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ар түркүн мөмө-жемиштерден кыям жана шире, ошондой эле кой жүнүнөн ар кандай сувенирлерди чыгарган чакан ишкана ишке кирди. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ишкана Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун алкагында ишке киргизилди.

Учурда ишкана өндүргөн продуктулар жана Каракол шаарына жакын жайгашкан райондордун тургундары тарабынан жасалган продуктулар, сувенирлер JICA тарабынан уюштурулган Каракол шаарындагы атайын дүкөндө сатылууда.

Күн мурун, 6-декабрда Ысык-Көл облусунун башчысы Илияз Иманбетов аталган ишканага барып, учурда жүрүп жаткан иштер менен таанышты. Анда облус жетекчиси ишкананын дагы кеңейишине колдоо көрсөтөрүн белгиледи.