Тажикстан менен 17,66 чакырым узундуктагы чек ара сызыгынын долбоордук сыпаттамасы аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.
1-декабрдан 6-декабрга чейин Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өткөн.
«Тараптар жалпы узундугу 17,66 чакырымды түзгөн кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынан өтүү долбоорунун сыпаттамасын бүтүрүп, ишти улантуу максатында 2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты«, — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу достук маанайда өткөнү белгиленди. Эки тараптын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында болору кошумчаланды.
Жыл башында өкмөттүк делегациялардын ишинин натыйжасында 2021-жылдын 1-майынан тарта 81 чакырымдан ашык чек ара сызыгы такталганы маалымдалган.