Коом

Берлинде элечек кечеси өттү. Сүрөт

Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде Ош облусунун Ноокат районундагы Күнгɵй-Кожеке айылынан келген Бүажар Казыканованын катышуусунда кыргыз улуттук баш кийими – элечек жасоо кечеси болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Бүажар Казыканова кыргыздын улуттук кийим-кечесин, боз үй жасалгаларын жасаган Кыргызстандагы белгилүү уздардын бири.

Кечеге келген Берлин шаарында жашаган кыргыздын кыз-келиндери Б.Казыканованын элечек жасаганын кɵрүп, үйрɵнүштү. Б.Казыканова элечекти жасап жатып, анын тарыхын, колдонуу максатын жана бүгүнкү күндɵгү элечектин орду менен мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.

Кечеде элчи ӨмүрбекТекебаев кыргыздын маданий мурастарынын бири болуп калган элечек тууралуу бүгүнкү күндɵ жаштарга маалымат берүү абдан зарыл экендигин белгиледи жана Б.Казыкановага анын мындай маанилүү чеберчилиги үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Элечек жасоо кечеси Берлиндеги Кыргыз-герман маданий коому менен биргеликте ɵткɵрүлдү.Элечек тууралуу берилген маалымат келген коноктордун зор кызыгуусун туудурду. Мындай кечелер Германиядагы мекендештерге жана немис досторго кыргыз улуттук маданияты тууралуу маалыматты мындан ары да жайылтуу мүмкүнчүлүгүн тʏзɵт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button