Коом

Кыргыз тили жана адабияты мугалимдери арасында республикалык сынак жарыяланды

Сынак окутуучулардын жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү максатында өткөрүлүп жатат.
Кыргызстанда кыргыз тили жана адабияты мугалимдери арасында «Мыкты баяндамачы-2022» республикалык сынагы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Министрлик конкурс «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 3З жылдыгына карата өткөрүлүп жатканын билдирди. Максаты кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин жазуу жана сүйлөө чеберчилигин арттыруу, мыкты баяндамачылардын базасын түзүү болуп саналат.
Конкурс үч этап менен өтмөкчү:
I этапта – катышуу үчүн облус/шаардан табыштамалар кабыл алынат (12-декабрга чейин);
II этапта – ар бир катышуучу кыргыз тилин окутуунун азыркы абалы, көйгөйлүү маселелер жана аны чечүүнүн жолдорун чагылдырган үч барактан ашпаган текстти уюштуруу комитетине жөнөтүшү керек (15-декабрга чейин);
III этапта – финалга чыккан сынактын катышуучулары онлайн жана оффлайн форматта оозеки баяндама жасайт (20-декабрда).
Сынакка республиканын бардык аймактарынын ар улуттагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдери катыша алат.
Толук маалымат үчүн 0(559)280974, 0(990)904404 (вотсап), (0312)663898 номерлери же [email protected] электрондук почтасы аркылуу байланышууга болот.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button