Коом

Министрлик мектептерди карантинге жабуу боюнча чечим кабыл алат

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова балдар арасында курч респиратордук вирустук инфекциялардын көбөйүшү боюнча №3 балдар ооруканасына барды.

Ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдиргендей, учурда балдар көп ооруп жатат. «Республика боюнча орундардын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды. Мындан тышкары, эмдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Ошондой эле, бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер ооруканаларды кыдырып, ал жактагы дарыгерлерге жардам берип жатышат, дарыгерлер жетишсиз болгондуктан ординаторлорду да алып келип жатабыз», — деди ал.

Мындан тышкары, ал мектептерде санитардык эпидемилогиялык көзөмөлдүн кызматкерлери иштеп жатканын айтты. «Алардын маалыматынын негизинде балдар арасында оорунун жайылышын алдын алуу үчүн мектептерде сабактарды максаттуу жабуу жана карантин боюнча чечим кабыл алабыз», — деди Саламаттыкты сактоо министри.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button