Коом

ИИМ: Милиция кызматкерлери жардамга муктаж болгон өспүрүмдөргө кайрымдуулук көрсөтүштү

Өлкө аймагында ички иштер органдары тарабынан өткөрүлүп жаткан “Биз биргебиз” аталыштагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга кайрымдуулук жана колдоо кѳрсѳтүү акциясынын алкагында, 13-декабрь күнү ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Чүй облусунун Беловодский районунда жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барышты.

Бул мекеменин тарбиялануучуларына белектерди жана зарыл болгон боюмдарды жеткиришип, балдарды жана мекеменин жалпы жааматын келе жаткан Жаңы жылы менен жылуу куттукташып, ар бир балага ден-соолук тилеп, мугалимдерине ыраазычылык билдиришти. Бүгүнкү күнү аталган мекемеде мүмкүнчүлүгү чектелген 209 бала тарбияланат. Өз кезегинде аталган интернаттын жетекчилиги ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Жалпысынан балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине 63000 миң сом өлчөмдөгү жардам көрсөтүлдү.
Ушундай эле жардам ИИМдин Атайын багыттагы полкунун жер-жерлердеги бөлүктөрүндө да көрсөтүлүүдѳ.
Белгилей кетсек, өлкөдөгү тартипти, жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда милиция кызматкерлери өз милдеттерин кынтыксыз аткаруу менен бирге ар кандай иш-чараларга активдүү катышып, кайрымдуулук иштерин да көргөзүп келет.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сѳз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button