Коом

Бишкекте 40 мектеп карантинге жабылды

Бишкекте оорудан улам карантинге жабылган мектептердин саны 40ка жетти. Онлайн-окууга өткөн мектептердин жаңы тизмеси менен шаардын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев тааныштырды.
Бүгүндөн тарта № 6, 60, 28, 54, 59, 72, 95 жана 103 мектептер аралыктан окуй баштаган.
Тизмеге төмөнкү окуу жайлар кошулду:

Биринчи май району — № 27, 75, 83;

Ленин району — №2, 8, 22, 47, 57, 74, 79, 80, 97;

Свердлов району — №10, 11, 16, 21, 30, 33, 35, 66, 89 жана Молдокулов атындагы инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейи;

Октябрь району — №14, 17, 34, 56, 62, 63, 71, 73, 88, 98.

Кундашев башка мектептер боюнча да ушундай чечим кабыл алынышы мүмкүн экенин кошумчалады. Өлкөдө КРВИ жана грипп жуктуруп ооруп жаткандардын саны көбөйүүдө.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button