«Камила Талиева Жогорку Кеңештеги абройлуу депутаттардын катарында. Көйгөйлөрдү түз айтып, эл менен бийликтин ортосунда көпүрөө болгон Камила Абдыразаковнанын демилгеси менен чек ара аймактарында көп жылдардан бери сөз болуп, бирок ишке ашпай келген бир катар маселелер чечилди. Буга чейин чек ара макамын албай келген айылдарга өзгөчө макам берилди. Арка-2-Мурас-Жети-Таш автожолуна тарыхта биринчи жолу республикалык бюджеттен 10 млн.сом бөлүнүп, учурда Бели-Сынык ашуусунун бийиктигин ылдыйлатуу иштери активдүү жүрүүдө.

Бешкент айыл өкмөтүндөгү Лайлы айылына 150, Ак Суу айыл өкмөтүндөгү Алга айылына 250 орундуу мектептердин курулушу республикалык бюджетке киргизилгени же жергиликтүү калктын турак жай маселелерин чечүү максатында, трансформация маселесин тездеткендигин эске алсак, Камила Талиева айткан сөзүнүн ээси. Ушундай темп, ушундай дем менен Жогорку Кеңештеги ишмердүүлүгүн улантса, дагы далай маселелер чечилээрине шек жок.

Камила Абдыразаковна окумуштуу, илимпоз эле эмес, такшалган саясатчы да. Вице-Премьер министрлик кызматты аркалап, так эмгегинен баар тапкан айым өлкөдөгү төбөсү көрүнгөн мыктылардын бири».

Булак: Баткен таңы газетасы