Коом

Саясатташкан бир катар бейөкмөт уюмдар текшерүүлөргө каршы чыгып жатышат

Кыргызстанда “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзам күчүнө киргенден кийин сырттан каржыланып отурган айрым бейөкмөт уюмдардын арасында олуттуу ызы-чуу башталды. Кептин баары жаңы мыйзамга ылайык, бейөкмөт уюмдардын салыктарды туура эсептеп, төлөп жатканын текшерүү башталды.

Көпчүлүк бейөкмөт уюмдар жаңы мыйзамды сабырдуулук менен кабыл алып, салык отчетторун даярдап жатышат, бирок саясатташкан бир катар бейөкмөт уюмдар текшерүүлөргө каршы. Жашырган эмнеси бар, донорлордон күмөндүү долбоорлор үчүн күмөндүү жардам алгандар уюмдагы акчанын кыймылын көрсөткүсү келбесе керек.

Алардын финансылык бакубаттуулугун коргоо жана кирешелери жана чыгашалары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн бир катар бейөкмөт уюмдардын уюштуруучулары бир нече ыкмаларды ойлоп табышты: соттордо баштапкы этапта аудитке бөгөт коюу, коомду алаксытуу, кандай жол менен болсо да коомдук-саясий кырдаалды солкулдатып, мамлекетке Батыштын өлкө үчүн гранттарын кыскартуу менен шантаж кылуу.

Эми кененирээк токтололу. Бир нече бейөкмөт уюмдар салыктык текшерүүлөр учурунда фискалдык органдар тарабынан мыйзам бузууларды ачууга багытталган долбоорду ишке ашырууга киришти. Ал тургай, текшерүү боюнча буйруктар жана чечимдерди тапшырып, иш сотко өткөн учурдан тартып аудиттин жол-жобосуна каршы чыгууну кантип баштоо керектиги боюнча колдонмо жазылып жатат.

Саясатташкан “жарандык” уюмдар экинчи ыкманы ишке ашыра башташты. Кеп адам укуктарынын бузулушу, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурган деген шек менен кармалган активисттер боюнча маселени көбүртүп-жабыртуу жөнүндө болуп жатат. Алардын бейөкмөт уюмдары өздөрүн жабырлануучу катары көрсөтүүгө аракет кылып, адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди аткарбаганы үчүн эл аралык уюмдардан Кыргызстанга каршы экономикалык санкцияларды киргизүүнү өтүнүүгө камынып жатышат.

Бейөкмөт уюмдардын уюштуруучулары батышчыл маалымат каражаттары аркылуу министрлер кабинетине басым жасоону көздөшүүдө. Мамлекет гранттарды жана насыяларды эң көп алуучу болгондуктан, бейөкмөт уюмдар батыштын каржы институттарына Кыргызстандын саясатынын орусиячыл багыты тууралуу отчет жазабыз деп коркутууда. Максаты – Кыргызстанга да Орусияга каршы санкцияларды киргизүү.

Өз кезегинде бейөкмөт уюмдардын активисттери өздөрүнүн батыштык кураторлоруна жагууга аракет кылып, өлкөдө Орусияга каршы маанайды активдүү жайылтып жатышат. Ошентип, жогоруда айтылгандардын бардыгын алар өздөрүнүн бейөкмөт уюмдарын текшерүү маселесин жабуу үчүн жасап жатышат. Ал эми бул бейөкмөт уюмдарды текшерүү чечими мамлекет тарабынан туура жана негиздүү кадам экенин билебиз.

Алтынбек Сарыгулов

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button