Коом

Камчыбек Ташиев Индияда дарыланууга муктаж болгон Дайырбекке жардам берет

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарыланууга муктаж Дайырбек Маматкалиевге жардам көрсөтөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 20-декабрда Ташиев курч лимфобластикалык лейкоз деген диагноз менен ооруган Маматкалыев Дайырбек Кыялбековичтин ата-энеси менен жолугушту.

Химиотерапия курсунун аяктаганына карабастан, курч лимфобластикалык лейкозду толук дарылоо үчүн дарыгерлердин сунушу менен Индиянын “Фортис”. Дарылоо процедураларына каражаттын жетишсиздигинен улам Д.Маматкалыевдин ата-энеси КР УКМК башчысына жардам сурап кайрылышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында генерал-лейтенант Ташиев УКМКсы Маматкалыевдин Индиянын “Фортис” клиникасында текшерүүсүн жана операциясын каржылоого көмөктөшөрүн белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button