АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Бишкек шаарын ыштан тазалоого жардам берет. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев USAID`дин администраторунун орун басары Анжали Каур менен жолугушуу өткөргөн.

Элчи Кыргызстандын өзгөчө жардамга муктаж болгон тармактарын ырааттуу, негиздүү түшүндүрүп, АКШ өкмөтү тарабынан бериле турган жардамдардын барын Баткен облусун калыбына келтирүүгө жана Бишкек шаарындагы абаны жакшыртууга буруу зарылдыгын белгилеген.

Америкалык тарап элчинин сунуштарын колдоо менен өткөн айда АКШ бийлиги Баткен элине бир учак толо баш аягы 8 млн сомдук гуманитардык жардам жеткиргендигин белгиледи. Ошондой эле АКШ өкмөтү жакынкы күндөрү Бишкек шаарынын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча атайын долбоор баштап, борбор калаанын абасын тазалоого жарадам берилерин маалымдады.

USAID – Эл аралык өнүктүрүү агенттиги дүйнөдөгү алдыңкы эл аралык агенттик. Аталган агенттик АКШнын өкмөтү тарабынан каржыланып, дүйнө жүзү боюнча адам өмүрүн сактоо, жакырчылыкты азайтуу, демократиялык башкарууну чыңдоо, табигый кырсыктарды жою, жардамга муктаж өлкөлөрдү ар кандай гуманитардык кризистерден чыгарууга көмөктөшүү багытында ири долбоорлорду ишке ашырат.