Каракол шаарында «Мен чемпионмун» республикалык кышкы оюндар таймашы өтөрүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Аталган турнир 26-28-декабрь күндөрү Каракол шаарында Кыргызстандын балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептеринин тарбиялануучуларынын арасында уюштурулат.

«Мен чемпионмун» мелдештери спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт:

— лыжа спорту слалом;

— хоккей;

— лыжа жарышы.

Мелдештин жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундун ээлери тиешелүү даражадагы медалдар жана дипломдор, ошондой эле акчалай сыйлыктар менен сыйланышат. Байге фонду 1 050 000 сомду түзөт.

— 1-орун — 200 000 сом;

— 2-орун —100 000 сом;

— 3-орун — 50 000 сом.

Кышкы оюндар мелдеши Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана спорт федерациялары менен биргеликте өткөрүлөт.