23-декабрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында жер тилкелерине жана мыйзамсыз курулган үйлөргө мунапыс берүү, аларды мыйзамдаштыруу боюнча маселе каралды.

Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов трансформацияланган жерлер тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2022-жылы Жер ресурстарынын кызматына кароого — бир категориядан экинчи категорияга которуу боюнча 94 материал келген.
«Жалпы отчеттук мезгилде 396.53 га жер трансформациядан өттү. 4021 га жеке турак-жай куруу категориясына өттү, анын 3143 га «Асман» шаарын курууга даярдалып жаткан жер тилкеси», — деди Раматов.
Эскерте кетсек, мурда Economist.kg кабарлагандай, «Асман» шаары Ысык-Көл районунун Тамчы айыл өкмөтүнүн аймагында курулары айтылган. Кыргыз бийлиги буга чейин аталган шаарды куруу милдетин Тимур Файзиевге жүктөгөн болчу. Бирок көп өтпөй министрлер кабинети ал чечиминен баш тарткан. Акыркы жолу долбоор Кореялык, Сауд Арабиялык инвесторлорго сунушталган. Бул шаарга болжол менен 20 млрд доллардын тегерегинде акча керектелери да айтылган болчу.