Коом

Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үйдү мыйзамдаштыруу пландалууда

Уруксаты жок курулган 100 миңден ашык үй мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда «Элдик» депутаттык тобунун жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын берген маалыматына таянсак, бул жылы президент Садыр Жапаров кол койгон жерге мунапыс берүү боюнча мыйзамга ылайык, 100 миңден ашык мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу пландалууда.

«Ошол эле учурда 32 миң гектардан ашык жер трансформацияланат. Азыр 29.8 миң га жер 143 миң үй-бүлө жашайт. Ал үй-бүлөлөрдүн баары мыйзамсыз курулган үйлөрдө жашашат. Жер тилкелеринин, үйлөрүнүн документтерин ала албай жүргөндөр көп. Мындан тышкары, электр чубалгыларынын, көрүстөн, таштанды таштоочу жайдын жанында жашагандар да арбын», — деди ал.

Ошондой эле ал жер мунапысы берүү тартиби боюнча жобого ылайык, жерге мунапыс жарыялангандан тартып, эки жылдын ичинде аныкталарын кошумчалады.

Жыйын жер жерлерде мунапыс берүү боюнча койгөйлөр чыгып жаткандыгына байланыштуу, комиссияга жардам берүү жолдорун издөө максатында уюштурулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button