Бүгүн, 24-декабрда Жапалак айыл аймагына караштуу Арек айылында 120 орундуу жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышты.

Рыскулова Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан бул мекеменин ачылышы менен куттуктап, алдыда шаардын билим берүү тармагына көңүл буруу уланаарын билдирди.

Мындан тышкары, жаңырган жылда ЖК депутаттарынын колдоосу менен кошумча жана жаңы окуу корпустарын куруу пландалып жаткан №35 Жоро Атабаев жана №37 Гапар Айтиев атындагы мектептерге барышты.