Коом
25-декабрга карата аба ырайы
Жекшембиде жаан-чачын күтүлбөйт, өлкөнүн айрым жерлерине туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жана Чүйдө -1…+4, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +3…+8, Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын облусунда -3…-8 градус болору айтылды.
Борбор калаада термометр +2…+4, Ош шаарында +4…+6 градусту көрсөтөт.