Саясат

Садыр Жапаров Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай сурьма комбинатынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчыга Кадамжай сурьма комбинаты 1936-жылы ишке киргизилгени тууралуу маалымат берилди. 2021-жылдан бери түрк инвесторунун келиши менен комбинаттын ишмердүүлүгү жакшырган. Металлургиялык заводдон тышкары комбинаттын өндүрүштүк бөлүмдөрүнө көмөкчү цехтер, фабрикалар жана негизги өндүрүштү тейлөөчү участоктор кирет. Учурда комбинатта 600дөн ашык адам үч сменде иштейт.

Комбинат айына 30-40 тоннага жакын көлөмдөгү металл сурьма чыгарып, айлык көрсөткүчтү 200 тоннага жеткирүү пландалып жатат. Ошондой эле суткасына орто эсеп менен 600-700 тонна руда казылып алынса, келечекте 1000 тоннага жеткирилет.

Мамлекет башчы комбинатта өндүрүштү кайра жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларды, атап айтканда, технологиялык чынжырга киргизилген жеке корректировкаларды канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров жамаат менен болгон баарлашууда мамлекет өнөр жайды өнүктүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоого бардык күч-аракетин жумшап жатканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийлик органдарына комбинаттын ишин активдештирүү үчүн максималдуу жардам көрсөтүүнү тапшырды, бул жергиликтүү калктын жашоо-шартын жана аймактын экономикалык абалын жакшыртат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button