Майлуу-Суу лампа заводунда Жаңы жылдык жасалгалар чыгарылууда. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарандарды ата мекендик өндүрүштү колдоого чакыруу менен билдирди.
Жаңы жылдык жасалгаларды төмөндөгү телефон номурлары аркылуу буюртма берүүгө болот:
- 0555997710
- 0374452810 МСЛЗ сатуу бөлүмү
Эске сала кетсек, буга чейин Economist.kg маалымдагандай, 2021-жылдын декабрында компаниянын 100% акциясын Финминдин Финансы-кредиттик фонду дээрлик 180 млн сомго сатып алган. Быйыл жайында завод акционердик коом болуп кайра түзүлгөн. «Майлуу-Суу лампа заводу» ААКга 1 млрд сом өлчөмүндөгү бюджеттик кредит каралып, анын 400 млн сом берилген.