Коом

2023-жылдан тартып ун, май, кумшекер 15%га кымбатташы мүмкүн

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15%га кымбатташы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Маалыматта буга министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнүн аяктап жатканы себеп болуп жатканы айтылат. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айткан.

«Министрлер кабинети бул азык-түлүктөрдүн баасын өзгөчө кырдаал режими киргенде өзү аныктап коё алчу. Ал режим бүтүп, эми бааны өзгөрткөнгө ыйгарым укугу жок болуп жатат. Баанын кымбатташы бир гана буудай менен унга эмес, май, кумшекер сыяктуу күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктөргө да тиешелүү», — деди Жунушов.

Эскерте кетсек, ноябрь айында өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында Кыргызстандан буудай унун Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) тыюу салынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button