Коом

Садыр Жапаров ысырапкорчулук жөнүндө: «Чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек»

Элден „ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин «Натыйжалуу мамлекеттик башкаруу — социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизи» аталышындагы жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мамлекеттик органдардын диний уюмдар менен өз ара кызматташуусун арттыруу зарыл. «Бул боюнча биздин дин кызматынын өкүлдөрү ысырапкорчулукка каршы күрөшүү боюнча жакшы кызматташып жатышат. Бирок ошол эле учурда айрым аткаминерлер өздөрү элге үлгү болгондун ордуна, ашыкча чыгымдарды жасап келген фактылар бар. Бул маселеге дагы көңүлүңүздөрдү бургум келет. Элден „ысырапкорчулукту токтоткула“ деп талап кылуудан мурун, чиновниктер карапайым калкка үлгү болушу керек», — деп баса белгиледи президент.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button