УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен жолукканын чет каккан билдирүүсүнө жооп берди.
Бүгүн эртең менен атайын кызмат депутаттын мыйзамдагы ууру менен жолукканы тууралуу маалымат тараткан. Бирок Бакиров аны четке кагып, далилдери болсо көрсөтүшүн талап кылган.
«Кылмыш ишинин алкагында бир катар тергөө жана ыкчам-издөө иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында жолугушуу болгону тастыкталды. Депутат Бакиров да, кримтөбөл Камчы Асанбек (Көлбаев) да сурак берген. Анда Асанбек жолугушканын ырастады. Бакиров чындыкка дал келбеген маалыматтарды айтып, коомчулукту атайылап адаштырып жатат», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК коомчулукту кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүп, депутаттын популисттик сөздөрүнө ишенбөөгө чакырды.