Коом

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» майрам күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштейт

Жаңы жылдык майрам күндөрү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коому күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өтөт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул күндөрү ишкананын борбордук аппаратынын жетекчилиги, бардык филиалдардын жетекчилери, ошондой эле «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын жооптуу адистеринин нөөмөтү уюштурулары айтылды.
Өзгөчө кырдаалдарды ыкчам жоюу схемалары иштелип чыгып, оперативдүү оңдоолорго кам көрүлөт. Бардык оңдоо бригадалары зарыл болгон запастык бөлүктөр менен камсыздалып, энергетикалык объектилерди коргоо боюнча чаралар күчөтүлөт.
Колл-борбор күнү-түнү 1209 номери боюнча иштейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button