Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын жыйынтыгы менен “Жылдын мыкты балбаны” наамына татыды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 10-18-сентябрда Белград шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өткөн. Анда Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 кг салмакта бардык атаандашын жеңип финалга чыккан. Алтын үчүн кармашта ал болгариялык Эдмонд Назарянга мүмкүнчүлүк бербестен аны 11:2 эсебинде утуп алган. Шаршенбеков 2022-жылдагы дүйнө чемпионатынан Кыргызстанга экинчи алтын медаль (ред.: биринчисин Акжол Махмудов) алып келген балбан болгон.

Мындан сырткары, Шаршенбеков Азия чемпионатында жана Ислам оюндарында алтын медаль, эл аралык Wladyslaw Pytlasinski Cup турниринде күмүш медаль жана рейтингддик Turlykhanov Cup, эл аралык Dan Kolov — Nikola Petrov Tournament мелдешинде коло байгеге ээ болгон.

Жыйынтыгында жалпы 55 миң упай менен дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде 60 кг салмак категориядагылар арасында 1-орунга чыккан.

Кошумчай кетсек, Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов 2022-жылдын жыйынтыгы менен «Тарых жаратуучу» наамына татыган.