Кыргызстандын теннис боюнча жаштар курама командасынан (14 жашка чейинкилер) төрт спортчу Бахрейнге барды. Алар Азия чемпионатынын тандоо этабына катышарын өлкөнүн Теннис федерациясы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, таймаштар бүгүн, 9-январда, башталып, 19-январга чейин уланат.

«Тандоо оюндарынын жыйынтыгы жана эл аралык рейтингдердин натыйжасында биздин өлкөнүн намысын талашуу төрт жаш теннисчиге буюрду. Алар: Ева Гавшина, Камила Арипова, Давид Могилевский жана Султан Сатыкеев. Оюнчулардын машыктыруучусу Фархад Урумбаев», — дешти федерациядан.