Бишкек, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы жеке менчик бала бакчалар жана мектепке чейинки балдар үчүн билим берүү курстары 50 миң долларга чейин инвестиция ала алат.

Accelerate Prosperity Ысык-Көл, Чүй, Нарын облусунда эрте курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында иштеген билим берүү мекемелери, уюмдар жана ишканалар үчүн бизнес акселераторуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталганын жарыялады. Катышуучулар кесиптик бизнес-консультанттардын колдоосу жана көзөмөлүнун алдында интенсивдүү окутуу программасын бүтүрө алышат.

Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү максатында 50 миң долларга чейинки инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү үчүн ат салыша алат.

Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган «Жергиликтүү өнүгүү» долбоорунун алкагында уюштурулган.

  • Конкурска бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана балдардын эрте өнүгүүсү үчүн башка билим берүү мекемелери катыша алат. Алардын кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана жылдык кирешеси 250 миң сом болушу керек.

Конкурстун шарттары:

  • Конкурска катышуу үчүн, 2023-жылдын 27-январына чейин кечиктирбестен анкета толтуруу керек (белгиленген мөөнөттөн кийин толтурулган арыздар комиссия тарабынан каралбайт).
  • Анкетаны кыргыз же орус тилдеринде толтурса болот.
  • Конкурстун биринчи турунан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана тандоо комиссиясы тарабынан өткөрүлө турган интервьюга чакырылат.
  • Жатакана, тамак-аш, транспорттук чыгымдар катышуучу тарабынан каржыланат.
  • Бизнес-акселератор Бишкек шаарында өткөрүлөт.

Конкурска катышуу үчүн бул жерден онлайн форманы толтуруу керек. Суроолор боюнча + 996 (990) 935-008 номерине чалууга болот.