Коом

Бишкекте кар тазалоого 37 техника тартылып, 202 тонна туз себилди

“Тазалык” муниципалдык ишканасы күчөтүлгөн режимде жолдорго туз себүү жана жолдордун жүрүүчү бөлүгүн, тротуарларды кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, линияда 37 атайын техника, жол тейлөө башкармалыгынын 26 кызматкери жана 641 көчө шыпыргыч иштеп жатат.

Учурда 202 тонна туз себилди.

Бишкек мэриясы айдоочулардан жолдордо этият болуп, ылдамдыкты жана жол эрежесин сактоону суранат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button