Коом

Таластын Кайнар айылында 225 орундуу мектеп ишке берилди

Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кайнар айылында Керимбай атындагы Кайнар орто мектеби ишке берилди. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Салтанаттуу иш-чарага президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы мектеп 225 орунга ылайыкталып, бардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле билим берүү мекемеси керектүү жабдуулар жабдылган.

Белгилей кетсек, Кайнар орто мектебинин курулуш иштери 2013-жылы башталып, ар кандай себептерден улам бүтпөй келген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button