Коом

Камчыбек Ташиев үчүн ар бир күн оор!

Кыргызстанда саясатка кимдер гана мурдун тыгышпайт. Көзү ачык, экстрасенс дегендер өлкөдөгү саясий абалды, конкреттүү саясий фигураларды «эрмектешип», ойлоруна келгенди айтышып, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан билдирүүлөрдү жасап турууну адатка айландырып алышкан.

Аз күн мурда андайлардын бирөөсү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тагдырына таштарын калчап, анын ишмердигине жоромол жасаптыр. Анын айтымында,  ушул жылдын февраль айы Камчыбек Ташиев үчүн оор болот имиш. Эми мындай божомолду өлкөдөгү жооптуу кызматтарда отургандардын баарына карата чыгара берсе болот. Сыягы, Камчыбек Ташиевдин  тагдырын талдап бериңиз деп сураган журналистке, көзү ачык ушундай жооп айтып кутулган окшойт. Балким, экстрасенс болмуш Камчыбек Ташиевге каршы оюндарды кылгысы келген күчтөрдүн каалаганын айтып берген көрүнөт.

Аныгында Камчыбек Ташиев үчүн  жылдын ар бир айы эмес, ар бир күнү оор. УКМК төрагасы, өлкөнүн ички жана сырткы  коопсуздугун камсыз кылган, өлкөнү ичтен иритип, бюджетти кемиргендерге, талап-тоногондорго, коррупцияга малынгандарга, өлкөгө бүлүк салгысы келгендерге  каршы күрөшкөн, чек арадагы тынчтыкка жооп берген адам катары анын түйшүк, милдеттери жетиштүү. Коррупцияга малынгандарды «кустуруулардын» натыйжасында жетишерлик душмандарды күттү. «Ташиевден кутулсак, аны «ала салдырсак», кызматтан кетирип тынсак, эл, коомчулук көзүнө дискредитацияласак» деген күчтөр да жетиштүү экенин көрүп, байкап келатабыз.

Чек ара аймактарында баары тынч, баары жакшы дегенге да эч кандай кепилдик жок. Душмандардын качан агрессиялык кадамдарды жасап ийерин билбейсиң. Ошондуктан чек арадагы элдин тынчтыгы, абалдын туруктуулугу  дайыма Камчыбек Ташиевдин көңүл борборунда турары айтпаса да түшүнүктүү. Демек, Камчыбек Ташиев үчүн  көзү ачык сөрөй айткандай, февраль айы эмес, ар бир күнү оор. Мойнуна чоң милдет, жоопкерчилик жүктөлгөн.

Булак: “Саясат kg.” маалымат агенттиги

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button