“Тазалык” муниципалдык ишканасына директор болуп Рамиз Алиев дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Рамиз Алиев “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.