“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк 2023-жылдын 10-мартына чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтырылды. Мындай чечим Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кабыл алынды.

Мындан мурда октябрь райондук соту Теңгиз Бөлтүрүктү 2023-жылдын 10-январына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Эскерте кетсек, Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компанидеги” коррупциялык кылмыш фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.