Коом

Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөргө күн панелдерин орнотуп берүү долбоорун баштады

Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө күн нурунан электр энергиясын өндүрө турган батареялар орнотулат. Бул туурасында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеме Энергетика министрлиги менен биргеликте «Нур кубат» деп аталган долбоорду пилоттук режимде иштетүүгө киришкен. Анын алкагында Чүй жана Жайыл райондорунда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алган калктын аялуу катмарына 5тен 10 киловатт-саатка чейинки кубаттуулуктагы күн батереяларын акысыз коюп беришет. Ошол эле учурда андан иштелип чыккан электр энергиясын жарандар колдонуп, андан ашканын мамлекет сатып алат.

Министрлик эгер долбоор ийгиликтүү иштеп кете турган болсо өлкөдөгү аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн баарына жайылтыларын белгиледи.

Азыркы тапта Кыргызстанда «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун 106,7 миң үй-бүлө алат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button