Быйыл «Жашыл мурас» аттуу улуттук өнөктүктүн алкагында өлкө аймагына 7 миллион көчөт отургузулат. Бул туурасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Учурда мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдары бак-дарак отургузууну уюштуруу иштери менен алектенип жатканы белгиленди.

Ушул эле өнөктүк боюнча узаган жылы 6 миллион көчөт тигүү пландалган, бирок иш жүзүндө 8,1 миллион отургузулганы айтылды. Күзгү эсептин жыйынтыгы боюнча, ал бак-дарактардын 70 пайызы тамыр алып көгөргөн.