Коом

ИИМ: Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузгандыгы үчүн милицияга 27 адам жеткирилген

Бүгүн, 10-январда кармалган активисттерди, блогерлерди жана саясатчыларды колдоо боюнча митинг уюштурулду.

Жүрүштүн катышуучуларына Турдакун Усубалиев аянтынын аймагындагы митингдер мыйзамсыз экендиги жөнүндө бир нече жолу эскертилген, бирок жарандар бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарын аткарбай, аталган аянтка карай кыймылын улантышкан.

Жыйынтыгында Биринчи май райондук ИИБге 27 адам жеткирилген. Жагдай аныкталгандан кийин  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 139-беренесине (Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу) жана 128-беренесине (Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө) ылайык укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлгөн, алар кийин сотко жөнөтүлөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button