Кыргызстандагы дары-дармектердин 97% чет элден импорттолот. Бул тууралуу минкабдын маалыматында айтылат.

Маалыматта берилгендей, минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «Фарма Нур» ЖЧКнын ишмердүүлүгү менен таанышып жатып, өнүктүрүү фонддордун жана мамлекеттик банктардын жетекчилерин бизнес чөйрөнү активдүү колдоого чакырды.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстандагы дары-дармек рыногунун 97% импортту түзөт, өздүк өндүрүш рыноктун 3%ын гана камтыйт.

«Ишкерлердин билдирүүсүндө, «Фарма Нур» фармацевтикалык компаниясынын учурдагы өндүрүш  потенциалы менен 2027-жылга чейин рыноктун 35% камтый турганын ишкерлер билдирүүдө. Азырынча каржылоонун аздыгынан дарынын 4 түрү чыгарылууда, негизи бул ишкана дарынын 30 түрүн чыгарууга мүмкүнчүлүгү бар», — деп айтылат маалыматта.