Коом

УКМК: Сирияда террористтик уюмунда даярдыктан өткөн кыргыз жарандары радикалдуу көз караштан баш тартты. Видео

УКМК тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу – иш-чаралардын алкагында, абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барылууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын жарандары, Нарын облусунун Нарын шаарынын 1985-жылы туулган Б.Б.С. аттуу тургуну жана 1988-жылы туулган Нарын облусунун Он-Арча айылынын Ж.А.Б. аттуу тургуну радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышканын билдиришти.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытын туура эместигин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button