Коом

«Кошуна мамлекеттерде свети, гази, жылуулугу ɵчүп кɵйгɵй болууда. Аларга салыштырмалуу бизде шүгүр, ошого карабай наалып жатабыз!»

Белгилүү юрист, жарандык автивист Илим Карыпбеков Facebook  социалдык тармактагы баракчасына учурдагы электр энергиясынын айланасындагы талкуулар тууралуу коомчулукка кайрылуу жазды. Текстти ɵзгɵртүүсүз беребиз:

«Быйылкы кыштын суугу Орто-Азияны түйшүккө салды. Кошуна Өзбекстанда газы жок, свети өчүп, жылуулук үйлөргө жетпей жатканын интернеттен көрүп жатам. Казакстанда дагы ушундай эле көйгөй. Аларга салыштырмалуу бизде шүгүр деп айтсак болот, бирок айрым учурларда свет өчкөнүнө элдер нааразы болууда.

Элдерди “жарыкты үнөмдүү пайдаланалы, жылыткычтарды, ж.б күч келтирүүчү приборлорду сайбагыла” — деп эскертип эле жатышат, уккан адам жок. Бизде кылба дегенди кайра кычап ого бетер кылышат го, чиркин)))

Мамлекет өткөн жылдан баштап энергетикалык коопсуздукка абдан көңүл буруп жатат. “Токтогул” ГЭСинин 4 агрегатын реконструкция кылып, 240 МВт кошумча кубаттуулук алуунунун үстүндө иштөөдө.

Садыр Жапаров Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСинин курулушуна капсула салды эле, жакынкы убакта ишке берилет экен, кубаттуулугу 25 МВт. Нарында 100 МВт “Куланак” ГЭСи курулуп жатат. Мындан тышкыры “Ат-Башы”, “Үч-Коргон” ГЭСтери реконструкция болуп, аларга дагы кубаттуулук кошулат.

Суукка байланыштуу күч келгенде, тээ союз убагынан бери алмашылбаган трансформаторлор көтөрө албай жарылып жатат. Жарыкты көгөрүп өчүрбөй, күчкө салып, зордуктап колдоно берсек ошондо чыныгы проблема болот. Азыр эски-куску трансформаторлор, станциялар менен маал-маалы менен өчүрүп, эптеп мына 1 жумалык суукту аман эсен өткөрүп алалы. Элдер дагы туура түшүнүү менен мамлекетти колдоп, энергетикалык коопсуздукка салым кошкону туура.

Жогорудагы айтылган ГЭСтер ишке кирип баштаса, буюрса энергетикалык коопсуздугубузда маселе жаралабайт. Анан учурдан пайдаланып, суукта бетин чымыратып, мурдун тартып коюп, эч капаланып койбогон Чаткал, Нарын, Чоң-Алай ж.б тоолук туугандарга салам айтам» — деп жазган Карыпбеков.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button