Коом

“Кумтөр” ЖАК Улуттук госпиталга 35 млн. сомдук нейрохирургиялык микроскоп тапшырды

Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскобу тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

35 миллион сомдук аппаратты «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому алып берген. Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырованын айтымында, заманбап аппарат операциялардын сапатын жогорулатып, дарыгерлердин ишин жеңилдетмекчи.

Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томограф, рентген-аппараттар берилип жаткандыгы, жакынкы убакта Улуттук госпиталга магниттик-резонанстык томограф аппараттары орнотулары кошумчаланды.

Микроскопту тапшыруу аземине «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын вице-президенти Улукмырза Абакиров, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлери катышты.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button