Шейшемби, 24-январда, күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө -2…-7, Талас аймагында -7…-12, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө -2…+3, Нарын облусунда -11…-16 градус болот.
Борбор калаада термометр -2…-4 градусту, Ош шаарында +1…+3 градусту көрсөтөт.