Коом

Эл кыргыз бийлигине көбүрөөк ишенип калды. Статкомдун маалыматы

Кыргызстандын элинин бийликке ишеними жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 2022-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата калктын ишеним индекси тууралуу маалыматында айтылат.
Анда элдин ишеним индекси 35,5 баллды түзгөн, биринчи жарым жылдыкта бул көрсөткүч 33,3 болчу.
Элдин эң көп ишенимине татыган алты орган төмөнкүлөр болду:

Облустук, райондук маанидеги шаарлар жана айыл өкмөттөр — 51,7 балл;

Президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү — 49,9;

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар — 48,3;

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 44,8;

Санариптик өнүктүрүү министрлиги — 44,7;

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги — 43,6;

Бишкек менен Оштун мэриялары — 39,6;

Социалдык фонд — 39,2;

Коргоо министрлиги — 38,6;

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик — 38,3.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button