Кечээ, 30-январда Экономика жана коммерция министрлигинде Стандартташтыруу жана метрология борбору (СМБ) менен «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин «Халал индустриясынын техникалык комитетин түзүү» жөнүндө биргелешкен буйругуна кол коюлду.

Минисчтрликтин берген маалыматына таянсак, буйрукка СМБ директору – Болот Нурматов жана Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директору – Алмаз Кайырбеков кол коюшкан.

Стандартташтыруу боюнча Техникалык комитетин түзүүнүн максаты – адал индустриясын өнүктүрүү жана халал продукциясын жана кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташтыруу боюнча иштерди уюштурууну жакшыртуу болуп саналат.

Техникалык комитеттин курамына кызыкдар мамлекеттик органдардын, бирикмелердин, ишканалардын өкүлдөрү жана халал индустриясы чөйрөсүндөгү адистер кирет.


СМБ — ыктыярдуу сертификация системасын жүргүзүү жана ишке ашыруу, продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү халал-контролдук (идентификациялык) белгилери менен маркировкалоону киргизүү жана маркировкалоону жүргүзгөн юридикалык жактарды каттоонун реестрин жүргүзүү боюнча республиканын аймагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.

CMБ сертификациялоо боюнча орган халалды ыктыярдуу сертификациялоонун жол-жоболорун иштеп чыккан, ал өндүрүш шарттарына талаптарды, SMIIC эл аралык стандарттарына ылайык сертификаттоо иштерин жүргүзүүнүн эрежелерин жана жол-жоболорун белгилейт, анын негизинде КМДБ менен биргелешкен күбөлүктөр берилет.