Коом

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму мектеп окуучуларынын арасында дилбаянга эл аралык сынак жарыялады

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия, Түркмөнстан мектеп окуучуларынын арасында “ТҮРКСОЙ — түрк дүйнөсүнүн маданий алтын көпүрөсү” аталыштагы дилбаянга (сочинение) эл аралык сынак жарыялайт.

Конкурска 13-15 жаштагы мектеп окуучулары катыша алат. Дилбаяндын максаты мектеп окуучуларынын арасында өзү жашаган өлкөсүнүн улуттук маданиятына, руханий баалуулуктарына, түрк дүйнөсүнүн жалпы дөөлөтөрүнө болгон кызыгууну, сүйүүнү ойготуу, маданий дүйнөнү кабылдоо сезимин жандандыруу аракетине көмөк жана шык берүүнү көздөйт.

Сынакка катышууга дилгир окуучулар дилбаянды өз эне тилинде жазат. Дилбаянда өз элинин улуттук маданиятын канчалык деңгээлде билет жана ага болгон көз карашын кеңири баян этет.

Дил баяндын көлөмү 2.5 беттен ашпоосу керек.

Сынак ар бир өлкөнүн Билим берүү министрлигинин көмөгү менен өткөрүлөт, ошондой эле министрлик алдында түзүлгөн атайын калыстар тобу эң мыкты 10 дилбаянды Анкарага, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы кеңсесине жиберет.

Сынак мөөнөтү 1-февралдан 20- мартка чейин.

Ар бир өлкөдөн келген 10 мыкты дилбаянды эл аралык калыстар тобу карап чыгып, үч мыкты жазылган дилбаянды жана жеңүүчүнүн аты-жөнүн эл аралык ММКларда, социалдык медияларда жарыялайт.

Жеңүүчүлөр кандай сыйланат?

Биринчи орун — ноутбук

Экинчи орун — планшет

Үчүнчү орун — планшет

Ал эми калган жети окуучуга атайын кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылат жана он мыкты дилбаян “ Маданият менин дүйнөмдө” мыкты дилбаян жыйнак китебине жарык көрөт.

Жеңичүүлөргө сыйлыктар 23-апрелде Стамбул шаарында Эл аралык Балдар майрамынын алкагында салтанаттуу тапшырылат. Ошондой эле бардык жеңичүүлөргө Стамбул шаарынын тарыхый жерлерине экскурсия жана Босфор (деңиз ) саякаты уюштурулат.

Жеңүүчүлөрдүн бардык чыгымын ТҮРКСОЙ эл аралык уюму көтөрөт.

Сынактын Жоболору алты мамлекеттин билим берүү министрлигине расмий жиберилди.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button