«“Кактус Медиа” сайтынын Кыргызстанда көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым ар дайым болуп келген» – деген макаласы көпчүлүктүн күлкүсүн келтирди окшойт. Дегеним, кыргыз мамлекети эгемендүүлүк алгандан бери “адам укугу”, “сөз эркиндиги” – деген баалуулуктарды аздектеп, бул жааттагы эл аралык келишимдерди бекем сактап, анын арты менен дүйнө элдеринин арасында чоң аброй топтоп, “Демократиянын аралчасы” аталганын бүгүн батыштын акырынан жем жеп, бирок кыргыз элине каршы дит багып карай алгыс ыплас иштерди кылып жаткан бейөкмөтчү уюмдардын активисттери менен журналисттери көрбөй калганы таң калтырды.

Баягы кыргыз элинин “жооштугуңду билип алдым, жонуңа бекем минип алдым” – деген макалындай болуп, кыргыздарды кандай пайдалансак жарашат, кааласак митинг уюштуруп, кааласак көчөгө чыгарып, кааласак жылаңач чечинтип жүрө беребиз деген бул бейөкмөтчүлөр, эми көчмөн элдин жазылбаган мыйзамына, каада-салтына каршы чыгып, үрп-адатын тебелеп тепселеп, бузулган батыштын булганган саясатын таңуулап, жаратканга жакпаган ЛГБТсын жарнамалап, анысы аз келгенсип мамлекеттин ички жана сырткы иштерине кийлигише баштаганын баарыбыз көрүп турдук. Бирок бардык нерсенин чеги болот. Билегинде күчү, жүрөгүндө оту бар кыргыздын карапайым, намыскөй, патриот уул-кыздары бейөкмөтчүлөрдүн бул өзүм билемдигин токтотуусун, аз да болсо кыргыз элинин ар-намысын сыйлоосун, кылымдар бою калыптанган кыргыз журтунун маданиятын аяр сактоосун айтып чыгышса, эми аны бийликке шылтай салып, сөз эркиндиги кысылып, адам укугу бузулуп жатат деп чуулдап жатышат.

«Кактус» сайтынын айтымында, мамлекеттик машина көз карандысыз маалымат каражаттарына кысым кылып жаткан имиш. Ал эми, ошол көз карандысыз маалымат каражаттары эмнени жазып, эмнени таратып, эмне деген маалыматтар менен элдин мээсин уулап жатканын өздөрү көрүштүбү? Жок. Алар, АКШ менен батыштан алган арам акчаларын акташ үчүн ар кандай жөө жомокторду токуп  чыгып, курулай ушак, жалган каралоо менен элди бийликке каршы үгүттөп, ал гана эмес өлкөнүн тышкы саясатына да терс таасирин тийгизип, Орус-Украин согушуна Кыргызстанды аралаштырууга, анын арты менен өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурууга багыт алышты.

Мисалы, Азаттык радиосу тынч жаткан Баткен элине тажиктер кол салып, үй-жайларды өрттөп, бейкүнөө мекендештерибизди өлтүрүп жатса, кол салууну кыргыз тарап баштады деп жазып чыгып, аны тажик тарап өздөрүнүн пайдасына колдонуп, анын арты менен ошол куралдуу кагылышууда Кыргызстан маалыматтык согуштан бир топ жапа чеккен. Мына биз ишенген, биздин ата-энелерибиз калтырбай угуп, чындыктын үлгүсүндөй көргөн Азаттыктын чыныгы жүзү.

Ошондой эле, Клооп, Кактус, 24kg, Политклиника, Темиров ЛАЙВ, НексТВ сыяктуу батышчыл маалымат каражаттары ушуга  окшогон терс маалыматтарды тынымсыз жазып, ЛГБТ өкүлдөрүн үгүттөп, кыргыз элинин салтына жана маданиятына каршы Батыштын маалыматтык саясатын үзгүлтүксүз жайылтат. Ал эми буларды Кыргызстандагы АКШ элчилиги, СОРОС фонду, Интерньюс сыяктуу ири бейөкмөт уюмдар каржылап, Америка, Грузия, Украина жана Европа өлкөлөрүнө алып барып окутуп турушат. 2022-жылдын аягында эле АКШнын Мамлекеттик департаментинен ЛГБТ өкүлдөрүн коргоо, өспүрүмдөрдүн сексуалдык сабаттуулугун жайылтуу, Украинадагы согушту чагылдыруу жана ал жакка Украинанын кызыкчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу максатында маалыматтык пропаганда жүргүзүү үчүн 750 000 миң АКШ долларын алышкан. Бул 2022-жылдын акыркы айына бөлүнгөн акчанын эсеби. Эми жыл ичинде канча акча бөлүнүп, ал акчаларга кыргыз элине каршы кандай иштер жасалып жатканын өзүңүз эсептеп көрүңүз.