2022-жылы тойканалар жана күнүмдүк тамактануучу кафелерден эки жарым эсе көп салык чогулган.
Кыргызстанда 370тен ашык тойкана бар.
Күнүмдүк тамактануучу жайлар, башкача айтканда кафе, ашканалардын саны 2745.
2021-жылы тамактануучу жайлар аркылуу 6,2 млрд сом айланган. Андан түшкөн салык 350 млн сом болгон.
2022-жылы ККМ аппаратынын натыйжасында, накталай көлөмү эки эсе көбөйүп, 13,5 млрд сомду түздү. Андан түшкөн салык 3 эсе көбөйүп, мамлекеттин казынасына 838 миллион сом түшкөн.
МИСАЛЫ:
“Асман” тойканасы
2021-жылы 567 миң сом
2022-жылы 2,9 млн сом
“Ак Сарай” тойканасы
2021-жылы 335 миң сом
2022-жылы 2 млн сом
“Айкөл-Ордо” тойканасы
2021-жылы 128 миң сом
2022-жылы 2,5 млн сом салык төлөгөн.
ТАМАКТАНУУЧУ ЖАЙЛАР:
“Фаиза” кафеси
2021-жылы 11,7 млн сом
2022-жылы 17,6 млн сом
“Арзуу” кафеси
2021-жылы 916 миң сом
2022-жылы 1,7 млн сом
“Шашлычная Джал” кафеси
2021-жылы 340 миң сом
2022-жылы 1,9 миллион сом салык төлөгөн.
ККМ аппараттары салык чогултууда ачыктыкты камсыздап, салыктык төлөмдөр мурдагыдай жашырылып, жеке кызыкчылыктарга кетүүсүнө жол бербей, мамлекеттин казынасына чогулуп баштады. Ошол үчүн 2021-жылы жалпы салыктан 105,7 млрд сом чогулса, 2022-жылы бул көрсөткүч 156,3 млрд сомго жетти. Белгилей кетсек, эч кандай салыктын жаңы түрлөрү кирген жок!