Коом

Түркияга Кыргызстандан 50 куткаруучудан турган экинчи топ жөнөп кетти

Бүгүн, 12февралда президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга издөө-куткаруу иштерине жардам берүү үчүн каруучуларды узатуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

“Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулуп, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Куткаруучуларды узатып жаткан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлдү.

Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, ӨКМ Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button