Саясат

Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын Президенти Каталин Новактын расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 13-февралда, Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Венгриянын Президенти Каталин Новак менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
       
Атчан гусарлардын коштоосунда Мамлекет башчысынын кортежи Лайош Кошут аянтына келип, ал жактан аны Венгриянын Президенти Каталин Новак тосуп алды.
Ардак кароолдун саламдашуусунан кийин, аскердик оркестрдин аткаруусундагы «Ракоци маршынын» жаңыруусу менен президенттер Будапешт шаарынын гарнизонунун туусунун жанына токтошту.
Оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Садыр Жапаров жана Каталин Новак Венгриянын туусу менен гербине таазим этип, өздөрүнүн расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырып өттү.
Азем гарнизондун өздүк курамынын, атчан гусарлардын, аскердик оркестрдин салтанаттуу маршы менен аяктады.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button